Премьер-министр: Жаңы Зеландиядагы террорчу дагы көп кишини өлтүрүүгө ниеттенген

Уюшулган топ жасаган терактыдан 50 адам каза болуп, дагы 50сү жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жаңы Зеландиядагы мечиттин ичиндегилерге кол салган Брентон Таррант дагы бир топ адамды өлтүрүүнү пландаган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн билдиргенин РИА Новости жазды.

Уюшулган топ жасаган терактыдан 50 адам каза болгон. Алардын ичинен 41и Крайстчерч шаарында өлтүрүлсө, жетөө Линвуд аймагындагы мечиттен курман болгон. Дагы экөө ооруканадан көз жумган.

Мындан тышкары, 50 адам жарадар болгон. Кырсык катталган мечиттер бири-биринен болжол менен беш чакырым эле алыс жайгашкан.

"Айыпталып жаткан адам атышуу тууралуу маалымат түшкөндөн 36 мүнөт өткөндөн соң кармалган. Ал отурган унаада ок атуучу эки курал табылган. Таррант дагы бир топ адамды мерт кылууну пландаган", — деген премьер-министр.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү делип үч адам кармалган. Алардын арасында Австралиянын да жараны бар. Таррантка адам өлтүрдү деген айып тагылып, сот аны 5-апрелге чейин камакта калтырган.