Модель болгусу келген кечил бала жынысын алмаштырып, подиумга чыкты

Моделдин таржымалын уккан дизайнерлердин бири кызга кубануу менен кийим тигип берип жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Тарыхта биринчи жолу америкалык "Подиум" долбооруна трансгендер модель катышты. Бул тууралуу аталган шоунун Bravo TV каналынын көрсөтүлгөн биринчи берүүсүндө белгилүү болду.

Таиланддык Мими Тао аттуу модель кыз жынысын алмаштырганга чейин монастырда окуп, жашап жүргөн жигит болчу.

"Абдан жакыр үй-бүлөдө чоңойгом. Ата-энемдин окутканга акчасы болбогондуктан мени монастырга жөнөтүшкөн. Бирок мен дайыма аял болгум келе берчү. Ошентип 16 жашымда жыныс алмаштыргам", — деди Тао.

Кийин ал Нью-Йорк шаарына барып, моделдик карьерасын баштаган. Өзүнүн айтымында, "Подиум" добооруна катышуу үчүн көп аракет кылган.

Моделдин таржымалын уккан дизайнерлердин бири кызга кубануу менен кийим тигип берип жатканы айтылды.