Рафаэль Физиевдин UFC беттешинде ким менен чыгары аныкталды

Кыргызстандык мушкердин атаандашы UFC беттештерине 2015-жылдан бери чыгып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC турнириндеги алгачкы беттешинде дагестандык Магомед Мустафаев менен мушташат. Бул тууралуу Физиев өзү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Алар 20-апрелде Санкт-Петербургда "Юбилейный" спорт комплексинде UFC Fight Night 149 турниринин алкагында беттешет. Бул күнү кыргызстандык дагы бир мушкер Антонина Шевченко америкалык Роксанна Модаффери менен күч сынашат.

UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот
30 жаштагы Мустафаев ММА турнирлеринде 15 жолу беттеш өткөрүп, 13үн жеңип, эки жолу утулуу ызасын тарткан. Ал эми UFC беттештерине 2015-жылдан бери чыгып келет. 2016-жылы UFC Fight Night 99 турниринде америкалык Кевину Лиге утулуп калган.

Рафаэль Физиев UFC уюму менен келишим түзгөн үчүнчү (Валентина жана Антонина Шевченколордон кийин) кыргызстандык. Спортчу 2017-жылдын февралындагы беттеши менен эсте калып, эл оозуна алынган. Атаандашынын тепкенинен "Матрица" тасмасынын башкы каарманы Нео сымал буйтап кеткен. Андан кийин спортчу машыккан Таиланддын Phuket Top Team клубу Физиевди "ринг падышасы" атап, кыргызстандыктын беттеш учурундагы мыкты делген ирмемдерин видео кылып чыгарган.