Медреседе окугандар эми эмерек да жасашат

Курска каалоочулардын бардыгы келип окуса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы Аз-Захра медресесинде эмерек жасоону үйрөтүүчү курс ачылды. Бул тууралуу окуу жайдын мүдүрү Абдуразак Мамасалиев билдирди.

Сокулук: медреседе окуган кыздар тигүүчүлүк кесипке ээ болушту
Анын айтымында, курска каалоочулардын бардыгы келип окуса болот.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен АВЕП коомдук фондусу тарабынан "Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу" долбоорунун алкагында 42 студент бир жарым ай бою эмерек жасоону үйрөнүп, сертификатка ээ болгон.