Радио

Мирякубов: өлкө боюнча жүк ташуучу унааларга токтотуучу жай каралган эмес

Кыргызстандагы айдоочулардын көз карандысыз кесиптик кошуунунун төрагасы Дастан Мирякубов жүк ташуучу чоң көлөмдөгү унааларга токтоочу жайларды уюштурууга тиешелүү мекемелер көңүл бурбай жаткандыгын айтты.
Sputnik
Мирякубов: өлкө боюнча жүк ташуучу унааларга токтотуучу жай каралган эмес

Жүк ташуучу унаалардын токтоочу өзүнчө жайы жоктугунан айрыкча Ош-Бишкек каттамында жүргөн айдоочулар жапа чегип келет. Бул тууралуу Дастан Мирякубов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маалымдады.

"Башка мамлекеттерге, өлкө ичинде каттаган жүк ташуучу унаалар токтоочу бир да жай жок. Өзгөчө Бишкек-Ош каттамында баратканда кафе-ашканалар алдына койдурбайт, ал эми айдоочулар да бир жерге автокөлүгүн коюп тамактанып, эс алуусу зарыл да. Бишкекте деле абал ушундай. Көчө боюна, үйлөрдүн алдына токтотулган чоң унааны көргөндө жашоочулар нааразы болот. Ал эми жеке менчик унаа коюучу жайларга токтотууга мүмкүн эмес. Алар эч кандай шарты жок эле күнүнө 200 сомдон алышса, мындай жайлардан да орун табылбай калган учурлар болот", — деди Мирякубов.

Анын айтымында, алыс каттамдарга чыккан жүк ташуучу унаалардын токтоочу жайы жоктугунан улам каалаган жерге туруп, ар түрдүү кырсыктарга да себепкер болууда.