Жүрөгү кармаган күйөрман стадиондо көз жумду. Италиядагы окуя

Кайгылуу окуя оюндун бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Италиянын чемпионаты учурунда "Кальяри" футбол клубунун күйөрманы матч учурунда жүрөгү кармап стадиондо көз жумду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маркумдун жакшы көргөн оюнчулары жергиликтүү "Фиорентина" командасы менен футболдук беттеш өткөрүп жаткан.

Кырсык жума күнү, 15-мартта, болгон.

Ызаланган Роналду өз тобундагы оюнчуну "нокдаундга" кетирип салды. Видео
Repubblica басылмасы окуя оюндун бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда болгонун жазды. Трибунада отурган 45 жаштагы Даниэль Атцори энеси жана карындашы менен футбол көрүп отуруп эле жүрөгү кармап калган. Тез жардам жетип келип трибунага көтөрүлүп, өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жумшаган. Күйөрманга дефибриллятор да жардам бере алган эмес. Ал ошол жерден узап кеткен.

"Кальяри" күйөрманы Даниэль Атцоринин каза болгондугу өкүнүчтүү окуя экендигин айтып, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтарын билдирген.