Тажик бийлиги Душанбеге заманбап стадион курат. Имараттын эскизи

Тажикстандын Футбол федерациясы жаңы стадиондун көрүнүшү кандай болорун көрсөттү.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Душанбеде 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы заманбап стадиондун курулушу башталды. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясы Facebook баракчасына жарыялады.

Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Душанбенин мэри Рустам Эмомали курулуштун башталышын расмий түрдө баштап берди.

Стадион жалпысынан 9 гектар жерге курулмакчы. Спорт жайдын имаратында машыгуу залы жана тамактануучу жайлар да болот.

Мамлекет башчы Рахмондун курулушту сапаттуу кылып бүтүрүүгө катуу тапшырма бергени маалымдалды.

"30 миң киши бата турчу заманбап стадиондун курулушу мамлекеттин спорт күйөрмандарына жасаган татыктуу белеги болот", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда да заманбап стадион курууга аракеттер көрүлүүдө. Мамлекет инвесторлорго эшик ачык экенин билдирген. Учурда беш компания кызыгуусун билдирген.