Астанада газ жарылып, уранды алдынан аялдын сөөгү табылды

Жарылуудан биринчи кабат менен экинчи кабаттын ортосундагы тосмо урап калган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Астанада турак үйдө газ баллон жарылып, бир адамдын өмүрүн алды. Куткаруучулар уранды алдынан аялдын сөөгүн чыгарышкан. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги маалымдады.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, аялдын сөөгү ишембиге караган түнү 01:18дер чамасында табылган.

Буга чейин имараттын ичинде жайгашкан ишкананын эсепчиси уранды алдында калышы мүмкүн деген божомолдор айтылып жаткан.

"Жарылуу жума күнү 17:06да Алаш көчөсүндө жайгашкан "МолПродуктсервис" компаниясынын имаратында болгон. Кырсыктан №1 шаардык ооруканага күйүк алып 39 жана 28 жаштагы эки киши жеткирилген. Дагы бир 39 жаштагы аял Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жактырылган", — деп жазылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча газ баллон жарылып, жыйынтыгында биринчи кабат менен экинчи кабаттын ортосундагы тосмо түшүп кеткени маалым болду.