БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жаш балдар арасында шахмат боюнча КР президентинин VI кубогу өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 18-24-март күндөрү Бишкектеги отелдердин биринде өтмөкчү.
"Байгелүү орундар үчүн республиканын бардык аймагынан келген 6-14 жаштагы өспүрүм кыздар жана балдар катыша алат", — деп айтылат билдирмеде.
Шахмат боюнча президенттин VI кубогу эл аралык эреже (FIDE) менен өткөрүлөт.
Спорттук иш-чаранын ачылышына Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Аркадий Дворкович жана башка ардактуу коноктордун келиши күтүлүүдө.