Бишкек менен Ошто Ноорузга карата көк бөрү мелдештери өтөт

Алгачкы оюндар борбор калаада жума күнү башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкек менен Ош шаарларында Нооруз майрамына карата ат оюндары өткөрүлө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Саясат көк бөрүгө да жетти. Федерация башчылыгын талашкандардын максаты эмне
Көк бөрү боюнча тандоо оюндар 15-21-март күндөрү болот. Бишкекте Жогорку лигада 6 команда ойнойт, ал эми Биринчи лигада беттеше турган командалардын саны азырынча белгисиз. Ошто Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынан чогулган улакчылар кездешет.

21-март күнү эки шаарда тең көк бөрүнүн финалдык оюну, ошондой эле эр эңиш менен ат чабыш өтөт.

Ат оюндарынын байге фондусу Бишкекте 1 миллион 450 миң сом, ал эми Ошто 400 миң сомду түзөт.

Алгачкы оюндар жума күнү саат 10.00дө башталмакчы.