Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек арадагы чыр боюнча кыргыз-тажик биргелешкен тергөө тобу түзүлдү

Кечээтен бери Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раунду өткөрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча биргелешкен тергөө топтору түзүлөт. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Чек ара чыры: Ак-Сай жана Көк-Таштын тургундары Баткен шаарына жеткирилди
Эскерте кетсек, 13-март күнү кыргыз-тажик чек арасында эки элдин ортосунда чыр чыккан. Эртеси эртең менен вице-премьер Жеңиш Разаков аймакка кеткен. Эл арасында түшүндүрүү иштери Кыргызстандын да, Тажикстандын да тийиштүү органдары тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Кечээтен бери Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раунду өткөрүлдү.

Вице-премьер Разаков билдиргендей, тараптар абалды жөнгө салуу ниеттерин билдирип, өз ара шарттарды талкуулашты.

"Эки тараптан жабыркагандар боюнча биргелешкен тергөө топторун түзүүнү сунуштадык, ага эки өлкөнүн Башкы прокуратура жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү киришет. Кыргыз жана тажик тараптан калк арасында радикалдуу ниеттегилер жок. Бул маселе бүгүн чыгып жаткан жок, жагдайды курчутпашыбыз керек", — деди Разаков.

Мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр улантылат.