Өрт кампадан чыгып, анан КамАЗга жармашты. Күбө окуя кандай болгонун айтып берди

ӨКМдин берген маалыматы боюнча өрттүн кесепетинен бир турак жай жарым-жартылай, эки турак жайдын чатыры, оор жүк ташуучу бир автоунаа толугу менен, контейнер күйгөн.
Sputnik

Бишкектин батышындагы Архангельск көчөсүндө чыккан өрт биринчи эмнеден башталганын күбө айтып берди. Алгачкы маалыматтарда өрт Садыгалиев менен Костонай көчөлөрүнүн кесилишинде чыкканы айтылган.

Күбө кырсык болгон жерге келгенде короонун ичинен кара түтүн чыгып жаткан.

"Баары өрт КамАЗдан кетти деп жатышат, бирок андай эмес, короодон чыкты. Эң акыркы болуп машина күйдү", — деди ал.

Күбө өрт өчүрүүчү машина тез эле келгенин айтты.

"Өрт өчүрүүчүлөр 15 мүнөттөн кийин келди. Андан кийин келгендери кире албай калды. Биринчи машинанын суусу аз экен. Анын үстүнө майды суу менен өчүрө албайсың, улам үстүнө чыга берет. Көбүк менен өчүрүү керек", — деди ал.

Окуянын күбөсү өрт чыккан жерде бензин менен солярка сатылып келгенин кошумчалады.

"Бул жер бензин кымбаттап кеткенден бери иштеп жаткан. Май кымбаттабаганда булар сатпайт болчу. Мен алып жатканыма 5-6 ай болуп калды. Май куюучу жайда 42 сом болуп турганда булардыкы арзан болчу. Сапаты да жакшы. Ош — Бишкек багыты боюнча каттаган таксисттин баары ушул жерден куйчу", — деди ал.

Бишкек: Кызыл-Аскер тарапта дагы бир өрт чыкты
Ал ортодо ӨКМдин маалымат кызматы турак жайда өрт чыкканы тууралуу билдирүү саат 12:06да түшкөнүн билдирип, өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылганын кабарлады.

Өрттүн кесепетинен бир турак жай жарым-жартылай, эки турак жайдын чатыры, оор жүк ташуучу бир автоунаа толугу менен, контейнер күйгөн.

Тилсиз жоо 13:18де чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепеттери боюнча толук маалымат берилет.