БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Былтыр кыргызстандыктар Монополияга каршы мамлекеттик агенттикке 358 ирет арызданган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанда болгон маалымат жыйында Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин Реклама жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча башкармалыктын жетекчиси Назина Алыкулова билдирди.
Элдин нааразы болгон учурларынын 41и социалдык тармакка жарыялаган. Агенттиктин кызматкерлери өкмөттүн тапшырмасынын негизинде арыздын чоо-жайын билип, териштирген.
"Жарандар мамлекеттик органдарга аз кайрылышынын себеби - керектөөчүнүн укуктук маданияты жок, сабатсыз. Өнүккөн өлкөлөрдө өз укугун билишет. Бизде жакшы мыйзамдар бар, аны элге жеткириш керек. Кыргызстанда адам укугун өз алдынча коргосо болот, андан ары сотко чейинки органда иштер жүргүзүлөт. Эгерде таптакыр эле болбой жатса, анда сотко кайрылса болот", — деди Алыкулова.
Ал "Сатылган товарды кайра кайтарып берүүгө болбойт!" деген такталарды илүү мыйзамга туура келбей турганын баса белгиледи.