Дубайда баасы 1,3 млн. долларды чапчыган дүйнөдөгү эң кымбат атыр жасалды

Атырдын идиши бриллиант, бермет, топаз, алтын жана күмүш сыяктуу асыл таштар менен шөкөттөлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча эң кымбат атыр Дубайдагы соода түйүнүнө коюлду. Анын баасы 4,573 миллион дирхам же болбосо 1,3 миллион долларды түзөт. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Мындай атыр Shumukh (араб тилинен которгондо – "үлкөн адамга татыктуу") деп аталат. Nabeel компаниясы The Spirit of Dubai сериясында чыгарган.

Сапаты, баасы боюнча мыкты делген Android үлгүсүндөгү телефондор. Рейтинг
Анын сырты бриллиант, бермет, топаз, алтын жана күмүш сыяктуу асыл таштар менен шөкөттөлгөн. Атыр Дубайдагы Dubai Mall соода борборлордун бирине коюлду. Каалоочулар аны март айынын аягына чейин көрө алышат.

Эркектерге да, аялдарга да ылайыкталган атырды жасоого үч жыл убакыт кеткен. Үч литр парфюм бата турган идиши мурано айнегинен жасалган. Бийиктиги 1,97 метрди түзөт. Ар ким боюна жараша аралыктан башкарып себине берсе болот.

Кымбат баалуу парфюм эки тарабынан дүйнөлүк рекорд койду. Биринчиси — идишиндеги асыл таштардын көптүгү (3,5 миңден ашуун таш), экинчиси — аралыктан башкарыла турган эң бийик спрей болгону менен өзгөчөлөнгөн.