Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек ара кызматы: Баткенде абал туруктуу. Сүрөттөр

Буга чейин эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ушу тапта чыр чыккан аймакта элдин топтошкону катталган эмес. Эки өлкөнүн вице-премьерлеринин деңгээлинде кырдаалды жөнгө салуу жана Исфара — Ворух, Баткен — Лейлек жолдорун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Баткендин Ак-Сай айылында Жогорку Кеңештин беш депутаты эл менен жолугуп жатканы айтылды.