Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек ара чыры: Ак-Сай жана Көк-Таштын тургундары Баткен шаарына жеткирилди

Жергиликтүү бийлик күч органдары менен биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 14-мартта саат 21.00дөр чамасында Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичиавтобустар менен Баткен шаарына жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 13-март күнү кыргыз-тажик чек арасында эки элдин ортосунда чыр чыккан. Эртеси эртең менен вице-премьер Жеңиш Разаков аймакка чыгып кеткен. Эл арасында түшүндүрүү иштери Кыргызстандын да, Тажикстандын да тийиштүү органдары тарабынан жүргүзүлүп жатканына карабастан абал чыңалып турганы айтылат.

"Кечээ, 14-мартта, саат 19.30дан 20.40ка чейин Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги алдында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү. Анын жүрүшүндө биргелешкен күн тартибиндеги бардык курч маселелер талкууланып, учурда сүйлөшүүлөр тараптардын өкүлдөрү менен уланып жатат", — деп жазылат маалыматта.

Беш депутат Баткенге чыгып кетти
Ал эми коопсуз жерге жеткирилиген тургундар шаардагы №57 кесиптик лицейине жана Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды. Алардын коопсуздугу Баткен ШИИБ кызматкерлери тарабынан камсыз кылынууда.

Ошондой эле аталган айылдардын жашоочуларын Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган туугандары өз үйлөрүнө алып кетип жатышканы айтылды.

Жергиликтүү бийлик күч органдары менен биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.