Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Беш депутат Баткенге чыгып кетти

Эл өкүлү түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин беш депутаты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди көрүү үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева экендиги айтылды.

"Төрага Дастан Жумабеков Баткенге сапар алган депутаттар менен сүйлөшүп, достук мамиледе жашаган эки коңшу мамлекеттин ынтымагы маанилүү экенин билдирип, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы абал айтылды
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон жаңжал 14-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирге жабык эшик артында талкууланган.

Эске салсак, 13-март күнү кечке маал Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосундагы чыр чыккан. Ага Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушу себеп болгон.