Радио

Жураева: тасма тартууга эч качан кеч эмес

Режиссер-документалист, Кыргызстан аял-режиссерлорунун III кинофорумунун директору Асел Жураева 50 жаштан ашкан аял да мыкты тасма жаратышы толук мүмкүн экенин айтты.
Sputnik
Жураева: тасма тартууга эч качан кеч эмес

Тасма тартууга, деги эле кыялдарды орундатууга эч качан кеч эмес. Мындай пикирин Асел Жураева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам ар кандай кырдаалдан улам жаш кезинде өзү сүйгөн кесипке ээ боло албай калышы мүмкүн.

"Белгилүү бир жашта гана тасма тартыш керек деген эреже жок. Кино тармагында билимди жаштар гана алып, жаштар гана тасма тартат деген түшүнүктөн арыла баштадык. Бүгүнкү күндө 50 жаштагы аялдар да колуна камера алып, мыкты кинолорду жаратууда. Алар бул тармакта атайын жогорку билимге ээ болбосо да, кийинчерээк Темир Бирназаров, Марат Сарулу, Эрнест Абдыжапаровдой белгилүү режиссер агайларбыздын курсуна барып окушкан. Турмуштун ар кандай кырдаалынан улам кино дүйнөсүнө кызыккандар жаш кезинде акча табышы керек болуп же кесипти туура эмес тандап алышы мүмкүн. Ошондуктан тасма тартууга, кыялдарды орундатууга эч качан кеч эмес", — деди ал.

Жураева аймактарга кино тартканы барганда айрымдар режиссер менен журналисттик кесипти алмаштырып алышарын кошумчалады.