Радио

Атыканов: маршруткага видеокаттагычтын коюлушу менен уурулук азаят

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов маршруткаларга коюлган видеокаттагыч элдин коопсуздугу үчүн экенин айтты.
Sputnik

Борбор калаадагы маршруткалардын тең жарымына атайын видеокаттагычтар орнотулду. Бул тууралуу Нурлан Атыканов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Атыканов: маршруткага видеокаттагычтын коюлушу менен уурулук азаят

Анын айтымында, эми мындай аракеттин аркасынан маршрутка ичиндеги уурулук фактылары азаят.

"Бул видеокаттагычтар коопсуздук үчүн коюлуп жатат. Эми жүргүнчүлөр да, айдоочулар да өзүн тартиптүү алып жүрбөсө, атайын чара колдонулат. Буга чейин маршруткаларда уурулук фактылар көп катталып келген болсо, эми ал жакта камера бар экенин билип, уурулар да абайлап калат. Микроавтобустарга коюлуп жаткан камералар элди тартипке чакырат", — деди Атыканов.

Ал, мындан сырткары, апрель айынын ортосунда келчү автобустарга видеокаттагыч коюлуп келерин кошумчалады.