Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек арада талашка түшкөн жолдун чоо-жайын Транспорт министрлиги айтып берди

Эске салсак, Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосундагы чыр 13-март күнү кечке маал чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги кыргыз-тажик чек арасына жакын жерге жайгашып, нааразычылыктардын чыгышына себеп болгон Ак-Сай — Тамдык жолу тууралуу маалымат берди.

Эске салсак, Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосундагы чыр 13-март күнү чыккан. Ага Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушу себеп болгон.

"Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолу 2013-жылы башталган. Узундугу 24,5 чакырымга созулган жолго 606 миллион сом каралган. Учурда жолдун 13-чакырымына (Көк-Таш айылынан Ак-Сай айылына чейин) чейинки аралыгы бүтүп, 165,5 миллион сом жумшалган", — деп айтылат билдирүүдө.

2018-жылы Баткен райондук администрациясынын өтүнүчү менен жолдун дагы 4 чакырымы (13-17 чакырым) курулган.

Ал эми быйылкы жылдын 9-мартында жергиликтүү элдин суранычы менен жол куруу иштери жанданган. Курулуш иштерине бир жүктөгүч жана бир экскаватор тартылган.