Ишенүү кыйын! Акыркы 5 жылда айдоочулардан айып катары бюджетке түшкөн акча

Беш жыл ичинде (2013-2018-жылдар) эреже бузган айдоочулардан түшкөн каражаттын жалпы көлөмү дээрлик эки миллиард сомго жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. 4-марттан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузган айдоочуларга айып каттар жөнөтүлө баштады.

Негизи буга чейин тартип бузган айдоочулардан республикалык бюджетке канча киреше түшкөн? Муну билүү үчүн Sputnik Кыргызстан редакциясы Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына (ЖКККББ) кайрылып, жооп алды.

Жол эрежесин бузгандар айып катты алуудан баш тартса эмне болот? Видеожооп
Сегиз жыл мурда Шаардык жол кыймылы коопсуздугу башкармалыгы менен Кайгуул кызматы кошулуп, Жол кайгуул кызматы пайда болгон. Бирок айып пулдар тууралуу маалымат 2013-жылдан бери гана берилген.

2013-жылы түшкөн айып пулдар республикалык бюджетке дээрлик 138 миллион сомдук киреше алып келген. Ал кезде кызматты Талантбек Исаев жетектечү.

2014-жылы генерал-майор Исаев ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

Анын ордун Сергей Дьяченко ээлеп, 2014-жылы бюджетке 205 миллион сомдук пайда келтирген. Андан кийинки жылы айып пулдардын аркасы менен казына 340 миллион сомго толукталган.

Дьяченко Жол кайгуул кызматын 2016-жылдын апрель айына, тагыраагы, ал жоюлган күнгө чейин жетектеп, кийин ардактуу эс алууга кеткен. Ал укук коргоо органдарында 30 жыл эмгектенди.

Андан соң Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул-посттук кызматы биригип, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы пайда болот. Аны мурда ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгын жетектеген Эркин Баев башкарып, 2016-жылы бюджетке 350 миллион сом төгүп берген.

Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
Кийинки жылдын август айынан тарта Кайгуул милициясынын жетекчилигине Каныбек Жумашалиев барган. Ага чейин полковник ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгын жетектеген.

2017-жылдын аягында бул кызмат дагы жоюлуп, ордуна ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын түзгөн. Жетекчиликке мурда Чүй ОИИБинин начальниги болуп келген Канат Жумагазиев дайындалган.

Анын учурунда республикалык бюджетке айып пулдардан 383 миллион сом түшкөн. Былтыр бул сумма 491 миллион сомго көтөрүлдү.

Беш жыл ичинде (2013-2018-жылдар) эреже бузган айдоочулардан түшкөн каражаттын жалпы көлөмү дээрлик эки миллиард сомго жетти.