Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан асманга ок атылды

Бүгүнкү чыр-чатактан дагы бир кыргызстандык жабыркады.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жергиликтүү тургундар ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Чек арада талашка түшкөн жолдун чоо-жайын Транспорт министрлиги айтып берди
Эске салсак, 13-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосундагы чыр чыккан. Ага Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушу себеп болгон.

Эл бири-бирине таш ыргытып, тажикстандыктар кыргыз жаранынын жашабаган эски үйүн өрттөшкөн.

Чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, болжол менен саат 16:10 чамасында чек аранын жанында жашаган эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары бири-бирине таш ыргытып, бир адам жабыркаган.

"Эки өлкөнүн тең чек арачылары абалды жөнгө салып, элди чек арадан четтетүү максатында абага ок чыгарышты. Чек арадан өтүү азыр мүмкүн эмес. Күч органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Учурда окуя болгон жерде кырдаалды жөнгө салуу максатында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим жүрөт.