Кыргызстанда жана дүйнөдө Facebook менен Instagram иштебей калууда

Өздүк баракчаларына кире албай, жаңы постторду көрө албай кыйналгандар болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстанда айрым интернет колдонуучулары Facebook жана Instagram социалдык тармактары иштебей жатканын айтышууда.

Алар баракчаларын колдонууда бир топ тоскоолдуктар болгонун кулак кагууда.

Аккаунту популярдуулар тетири сүйлөсө, дароо жолугабыз. Киберкоопсуздук тууралуу
Sputnik Беларусь агенттиги билдиргендей, Бишкек убактысы боюнча саат 23.00дөн тарта соцтармакты колдонууда кыйынчылыктар жарала баштаганын билдирди.

Facebook колдонуучуларынын баракчасына жаңы посттор кошулбай, айрымдары кире албай жатканын айтууда. Ошондой эле комментарий жаза албаганына нааразы болушууда.

Instagram тармагында дагы ушундай кырдаал пайда болуп колдонуучулар сүрөт, видеолоруна лайк койгондорду көрө албай, кат жибере албай калышкан.

Даттануулар көп өлкөлөрдөн, атап айтканда, АКШ, Бразилия, Италия, Нидерланддар, Белоруссия жана Россия мамлекеттеринен келип түшүүдө.