Жээнбеков Кыргызстанда ишмердигин жаңы баштаган элчилердин грамоталарын кабыл алды

Жалпысынан 5 элчи Кыргызстанда өз ишмердигин баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын, Кытайдын, Италиянын, Чехиянын жана Бениндин элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 13-мартта, Россия элчиси Николай Удовиченко, Кытайдын элчиси Ду Дэвэн, Италиянын элчиси Паскуале Д"Авино, Чехиянын элчиси Рудолф Гикл жана Бенин Республикасынын элчиси Нукпо Клеман Кики Ишеним грамоталарын тапшырды.

Мамлекет башчысы элчилерди дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, иштерине чоң ийгиликтерди каалады.

Ар бир элчи менен баарлашуу учурунда Жээнбеков кыргыз тарап экономикага, саясатка, туризмге, билим берүүгө, илим жана техникага байланыштуу бардык багыттар жана эки тараптуу кызыкчылык туудурган башка тармактар боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкка чоң маани берерин белгиледи.

"Эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында мамилелерди бекемдөө жана ошондой эле элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү максатында бардык аракеттерди көрөсүздөр деп ишенем", — деди Жээнбеков.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси дайындалды
Өз кезегинде элчилер соода-экономикалык, саясий, маданий-гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн бардык аракеттерди жумшай турганын айтып, президентти ишендиришти.

Жээнбеков Россиянын жана Кытайдын элчилери менен Владимир Путиндин жана Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визиттери боюнча маселелерди талкуулады.