Күндүз кампада иштеп, түндө залда тер төгүп... Москвадагы кыргыз мушкери видеодо

Москвадагы кампалардын биринде кыргызстандык белгилүү мушкер, аралаш мушташтын WMMAF (2015-жыл) версиясы боюнча дүйнө чемпиону Бахтияр Тойчубаев эмгектенет. Машыгуу залы иштеген жеринен 70 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Sputnik

Sputnik агенттигинин кабарчылары Бахтияр Тойчубаевдин жумушуна барып маектешип, андан ары машыгуусуна алып кетти.

Уулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык "Тайсондун" жашыган видеосу
Учурда мушкер Кореяда өтө турчу Road FC уюмуна кызуу даярданып жаткан чагы. Келечекте дүйнөлүк уюмдарда өлкөнүн желегин бийик көтөрүүнү максат кылат.

Бахтияр Тойчубаев 1992-жылы 31-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасында туулган. Бокс жана ММА боюнча спорт чебери. Аралаш мушташ боюнча 11 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.