Депутат: Ноокаттагы мектеп нымдан көгөрүп, балдардын бою өспөй калыптыр

Эл өкүлү 15 жаштагы балдар 12 жаштагы балдардай көрүнөрүн белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов Ноокат районундагы Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби ным тартып көгөрүп, анын кесепетинен окуучулардын бою өспөй калып жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору карашты. Ал үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутат аталган мектептеги балдардын ден соолугуна медициналык кароо жүргүзүлгөнү жана окуучулар арасында оору жок деген кезектеги кат ага келгенин айтып нааразы болду.

"Бул дагы зыяндуу нерсе да. Анан эмнеге аны изилдебейсиңер? Балдар окуганга мүмкүн эмес, мектепти которуш керек же желдетүү системасын оңдоо керек деп маселе көтөргүлө да", — деп саламатык сактоо министринин орун басарына кайрылды.

Кыргызстанда билим берүү толук акы алмайга өтсө кандай болот? 5 пикир
Министрдин орун басары Мадемин Каратаев бул боюнча ӨКМге, Мамлекеттик курулуш агенттигине кайрылуу жасалганын, ушундай эле маселе Ала-Бука, Кара-Кулжа, Ак-Талаа райондорунда да бар экенин белгиледи.

Токторов жакында депутаттар аталган мектепке барып келишкенин, балдардын бою өспөй калганын айтып, 15 жаштагы балдар 12 жаштагы балдардай көрүнөрүн эскертти.

Өз кезегинде министрдин орун басары аталган жерге жакын арада медициналык бригада жөнөтүлөрүн, балдардын ден соолугу биринчи кезекте экенин айтты.