Мэрия 8-мартта жүрүшкө чыккандарды сотко берүүнү ойлонуп жатат

Ушу тапта депутаттар майрам күнү өткөн акцияны талкуулап жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев 8-марттагы митингден кийин мэрия Баш мыйзамды жана башка мыйзамдарды карап, эгер мыйзам бузулганы аныкталса сотко кайрылышы мүмкүн экенин Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Бүгүн депутаттар 8-мартта феминисттердин жүрүшкө чыгышын талкуулашты.

"Биздин улуттук баалуулуктарга шек келтирүү болсо биз карап, мындан кийин ошол уюмдарды митинг өткөрүү укугунан ажыратуу боюнча сотко кайрылабыз деген оюбуз бар", — деди Түлөбаев.

Депутат Мусабекова: парламент азыр унчукпаса "Гейстан" деген өлкөгө айланабыз
Өз кезегинде депутат Марлен Маматалиев кандайдыр бир уюм фестиваль өткөрөм деп уруксат алып, бирок анын багыты өзгөрүп кетип, чагымчылдык болсо толугу менен уруксатты алып коюуга мүмкүнчүлүктүн бар-жогун сурады.

Түлөбаев уруксат берип-берөө мэриянын укугуна кирбей турганын белгиледи.

"Биз келген каттарды каттап, калган ишти укук коргоо органдарына беребиз. Иш-чара өтө турган аянтчаны ага чейин, андан кийин тазалап, калыбына келтирүү иштерин жүргүзө алабыз. Андан сырткары, биз шаарда болуп жаткан окуяларга жоопкербиз деп ойлойбуз", — деди мэриянын аппарат жетекчиси.

Депутат Маматалиев болуп өткөн чагымчыл митинг мындан кийин үлгү болушу керектигин айтып, мындай нерселердин алдын алуу зарылдыгын кошумчалады. Ошондой эле Курманжан датканын сүрөтүн көтөрүп алып ар кандай чакырыктарды жазып алган да туура эместигин белгиледи.