Красноярскиде универсиада аяктады. Кыргызстандыктар орунга илиндиби

Мелдештерде Кыргызстандын намысын беш спортчу коргоду.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. 12-март күнү Красноярск шаарында Дүйнөлүк кышкы универсиада аяктады. Анда кыргызстандыктар медаль ала албаганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Командалык эсеп боюнча биринчи орунга 41 алтын, 39 күмүш жана 32 коло медаль менен Россия чыкты. Андан кийинки сапта Түштүк Корея, үчүнчүгө Япония илинди.

Мелдештерде Кыргызстандын намысын сноубордчу Алексей Вакурин, лыжачылар Алымбек Калыс, Элзар Абдыракманов, Максим Гордеев жана Евгений Тимофеев коргоду. Алардын бири дагы алдыңкы орундарга илине алган жок.