Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду

12-мартта эки эркек киши автожолдо мушташып кеткен. Милиция чатактын чоо-жайын териштирип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Милиция Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде урушуп кеткен кишилердин ким экендигин аныктады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Бишкек шаардык милициядан кабарлашты.

Уруш кечээ, 12-мартта, болгон. Кадрдан айдоочунун бирин экинчисине басып келип сүйлөгөндүгүн, андан соң экинчиси аны жыга койгондугун көрүүгө болот. Муштум көтөргөн киши кетип калууга аракет кылып, бирок окуяга күбө болгондор токтотуп калышкан

Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду

Бишкек шаардык милициясынан факты бирдиктүү реестрге катталгандыгын айтышты. Зарыл делген экспертиза дайындалып, сотко чейинки иликтөө иштери башталды.