Радио

Аманалиева: туристтерге өзүбүздүн терс жагыбызды көрсөтүп жатабыз

Батыш Тянь-Шандын биотүрдүүлүгүн коргоо долбоорунун координатору Миргүл Аманалиева Кызыл китепке кирген жаныбарлардын абалы боюнча изилдөө жүргүзүлгөндүгүн айтты.
Sputnik
Аманалиева: туристтерге өзүбүздүн терс жагыбызды көрсөтүп жатабыз

БУУнун өнүктүрүү программасынын алдында Батыш Тянь-Шандын биотүрдүүлүгүн коргоо жана биотүрдүүлүктү каржылоо деген эки программа бар. Анын алкагында атайын изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Миргүл Аманалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алар изилдөөгө чейин жаныбарлардын мүйүздөрүнөн жасалган сувенирлерди туристтер сатып алат деген пикирде болчу, бирок жыйынтыгы башкача чыккан.

"Жапайы жаныбарлардын терисин же мүйүзүн сувенирдик продукция катары колдонуп келишет. Ошондой эле Кызыл китепке кирген бака, жыландарды салттык медицина деп пайдаланышат. Биз мына ушул нерселерге көз салып, изилдөө жүргүздүк. Жыйынтыгында жапайы жаныбарлардын терисинен же мүйүзүнөн жасалган сувенирлерди туристтер албайт экен. Тескерисинче, бул нерсени жапайычылык деп эсептеп, таң калышары белгилүү болду. Аларга биз өзүбүздү терс жагыбыздан таанытып жатканыбыз аныкталды", — деди Аманалиева.

Ал базарларда сатылып жаткан бака, жыландардан дарт айыкпай эле, тескерисинче, башка оорулар жугушу мүмкүн экенин кошумчалады.