Бишкек - Ош жолунун 584-чакырымында Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында жүк ташып бараткан фура жолдон чыгып жардан кулап, айдоочусу аман калды. Бул тууралуу облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, окуя 11-март күнү саат 12:00 чамасында болгон.
"Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 31 жаштагы тургуну Акматали Умаров өзүнө таандык ДАФ 96 ХF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен келе жатып, унаанын тормозу иштебей калып 30 метрдей аралыктагы сайга кулап түшкөн. Унаа жараксыз абалга келип, айдоочу Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы канааттандырарлык", - деди Сатыбалдиев.
Ал унаада 20 тоннага жакын кургатылган жер-жемиш болгондугун кошумчалады. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.