"Жаш канат" бий тобу Сочиде өткөн конкурста баш байгеге татыды

Кыргызстандыктар өздөрүнүн бийи менен калыстар тобун таң калтырган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Балдардын "Жаш канат" хореографиялык ансамбли Россиянын Сочи шаарында өткөн "ФестЛайф" эл аралык конкурсунда биринчи орунду алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

"Жаш канат" бий тобу Сочиде өткөн конкурста баш байгеге татыды

Жаш кыргызстандыктар бийи менен калыстар тобун таң калтырган. Ага катар "Фактор успеха" сынагында баш байгеге жана 1-орунга ээ болгону айтылат. "Золотая Ника" конкурсунда да биринчи болуп, "Танцевальная орбита" сынагында биринчи жана экинчи орунга татыган.

Калыстар тобу И.Моисеев атындагы академиялык бий ансамблинин, "Березка" мамлекеттик хореографиялык ансамблинин, "Тодес" шоу-балетинин жана "Гжель" бий театрынын өкүлдөрүнөн түзүлгөнү маалым болду.