БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Словениялык кыз 383 миң еврого бааланган касыздандыруу төлөмүн жана майыптыгы үчүн өмүр бою жөлөк пул алуу үчүн бир колун билегинен өйдө кесип салды. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме берип РИА Новости жазды.
21 жаштагы кызга бул ишти жасоого 29, 58 жана 63 жаштагы үч эркек жардам берген.
Өмүр бою бекерпоз болуп өтүүнү каалаган кыз өткөн жылдын аягында кыңыр ишин пландай баштаган. Ден соолугун беш компанияда камсыздандырып, ар бирине алгачкы төлөм төккөн.
"Колунан ажырап калышы чындап эле кырсыктай көрүнүүсү үчүн циркулярдык арааны колдонуп, окуя отун араалап жаткан маалда болду деп айтууну чечишкен. "Жабырлануучуну" ооруканага алып баратышканда 63 жаштагы эркек кесилип калган колду атайын таштап койгон. Бирок калып калган органды полиция жеткирип, дарыгерлер аны тигип, калыбына келтиришти", — деп жазылат макалада.
Бир аз убакыт өткөн соң кыз кайрадан эмгекке жарамдуу болору айтылды.
Кийин полиция бул шылуундук экенин билип, ага катышкан төрт кишиге тең кылмыш ишин козгоду. Эгер кыздын планы кынтыксыз ишке ашканда, ал камсыздандыруу компанияларынан 383 миң евро жана мамлекеттен өмүр бою майып катары айына 3 миң евродон алып турмак.