ӨКМ өзгөчө кырдаалдардын алуу үчүн атайын тиркеме иштеп чыкты

Мындай кадам кылмыштар менен өзгөчө кырдаалдын кесепетин азайтат деген ишеним бар.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "112 – Кыргызстан" аттуу мобилдик тиркеме иштеп чыкканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган тиркеменин жардамы менен мыйзам бузууларды жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга болот. Келечекте аны мамлекеттик бирдиктүү WhatsApp линиясы менен интеграциялоо пландалууда.

"Колдонуучулар тиркеменин жардамы менен түрдүү окуялардын сүрөттөрүн, видеолорун жөнөтө алышат. Андан сырткары, элге шашылыш билдирүүлөрдү жөнөтүүгө болот", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы арыздарды эми мобилдик тиркеме аркылуу кабыл алат
Ошондой эле бул линия мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан бузулган мыйзам бузууларга ыкчам аракет көрүүгө да жардам берет.

"112 – Кыргызстан" тиркемеси өзгөчө кырдаалдар тууралуу бирдиктүү маалымат системасы менен интеграцияланды.

Тиркемени Android телефондоруна көчүрүп алса болот. Учурда iOS телефондоруна ыңгайлаштыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бардыгы даяр болгондо AppStore дүкөнүндө пайда болот.