Нострадамус 2019-жылы адамзаттын жарымы жок болорун божомолдогон

Белгилүү көз ачык 2019-жыл жалпы адам баласы үчүн бурулуш боло турган мезгил экенин бир нече жолу айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Франциялык фармацевт жана алхимик Мишель Нострадамус 2019-жылы Жер шарындагы адам баласынын жарымы өлөт деп күн мурунтан айтканын 5-tv.ru телеканалы билдирди.

Томиристен Мирек-акеге чейин. Кыргызстандын байыркы тарыхында из калтырган аялдар
Ал 2019-жылы үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып, алаамат көптөгөн адамдардын өмүрүн алып, 27 жылдан кийин гана аяктай турганын боолгологон. Нострадамус, андан сырткары, АКШ менен Европада террористтик аракеттер көбөйө турганын белгилеген.

Эгер көз ачыктын айткандарына таяна турган болсок, быйыл Калифорния менен Ванкуверде эбегейсиз зилзала болуп, айрым аймактар суу алдына кетет.