Конор Макгрегор киши тоноду делип Майамиде кармалды

Спортчу отелден чыгып келе жатканда жабырлануучу аны телефонго тартканга аракет кылган. Бул учурда ММА мушкери эркек кишинин колундагы мобильнигин талкалап, буту менен тепселеп салган. Жабырлануучунун айтымында, уюлдук телефону миң доллар турат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. UFC уюмунун мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор тоноочулукка жана кылмыш жолу менен зыян келтирүүгө шектелип Флориданын Майами-Бич шаарында кармалды. Бул туурасында Р-Спорт аймактык полицияга шилтеме кылып жазды. 

Тартип сакчыларынын айтымында, Макгрегор дүйшөмбү күнү саат 7.56да (Москва убактысы боюнча 00.56, шейшемби) кармалган. Спортчу отелден чыгып келе жатканда жабырлануучу аны телефонго тартканга аракет кылган. Бул учурда ММА мушкери эркек кишинин колундагы мобильнигин талкалап, буту менен тепселеп салган.

​Андан соң Макгрегор телефонду жерден алып, аны көтөрүп кетип калган. Жабырлануучунун айтымында, уюлдук телефону миң доллар турчу.

ММА мушкери Конор Макгрегор былтыр 6-октябрда UFC 229 турниринин алкагында россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган. Макгрегор аралаш мушташ боюнча 21 мелдештин жеңүүчүсү, төрт ирет утулган.