Чоочун эле бирөө го? Мелания Трампты окшоштура албай убара болгондор. Сүрөт

Өткөн аптанын аягында АКШнын президенти менен жубайы торнада кырсыгынан жапа чеккендердин алын суроо үчүн барган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары "АКШ президенти Дональд Трамп Алабамага барганда аялын алмаштырып алганбы?" деген суроо салышты.

Бул туурасында интернет колдонуучулар жазып чыкты.

​Өткөн аптанын аягында АКШнын президенти жубайы менен торнадо кырсыгынан жапа чеккендердин алын суроо үчүн барган.

Биринчи айымдын сүрөтүн көрүп "Мелания эмес эле ага окшош башка бирөө го" деген шектенүүлөрүн жазган интернет колдонуучулар болду.

​Алардын айтымында, сүрөттөгү аялдын бою биринчи айымга караганда байкаларлык эле пасыраак экен.

​Ал эми бир даары Мелания бийик такалуу туфли киерин, ал эми аял спорттук бут кийимчен тургандыгын айтышкан.

​Экинчи бирөөлөрү "аял башкача, өзүнө-өзү окшобой турат, анын үстүнө терисинин түсү да башкачараак экен" деген пикир жазган.

Twitter тармагында бул боюнча кызыл чеке талкуу жаралып, ал #FakeMelania (Жасалма Мелания) хештеги менен коштолду.

Интернет айдыңында "фейк Мелания" жөнүндө имиштер 2017-жылы тараган.