Бишкекте автоунаа күйүп кетти. Жеринен тартылган сүрөт, видео

Автоунаа жүрүп баратканда түтөп, токтогондо капоту жалындап күйүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкекте Манас менен Жибек Жолу проспектилеринин кесилишинде Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кеткенин кабарчыбыз жеринен билдирди.

Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келген.

ЖКККБнын инспекторлору автоунаа жол чырактын жашыл болуп күйүүсүн күтүп токтогонун, бул учурда мотор тарабынан түтүн чыкканын айтышты. Айдоочу машинаны токтотуп, жерге түшкөндө өрт алоолонуп салонго жайылган.

Алдын ала маалымат боюнча зымдар тийишип кеткен. Окуя саат 10:30дар чамасында болгон.

ӨКМ окуянын чоо-жайын тактап, толук маалымат берерин билдирди.