ӨКМ: Бишкектеги турак үйдөн чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү

Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчү беш бригада күрөштү.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы турак үйдөн чыккан өрт чектелгендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМден билдиришти.

Токмокто үй күйүп, 74 жаштагы кемпир каза болду
Сеченов көчөсүндөгү тилсиз жоо тууралуу маалымат 18:22де түшкөн
Кырсык менен күрөшүүгө беш бригада, ӨКМдин ыкчам тобу менен беш куткаруучу тартылган.

Өрт кечки саат 20:14тө чектөөгө алынган.

ӨКМден тилсиз жоонун андан ары жайылбай тургандыгын жана толук өчүрүү үчүн адистер иштеп жаткандыгын айтышты.

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келген эмес.