Камыр жайып, кесме кескен кеп эмес. Бишкекте кымча бел 40 кыз жарышты

Sputnik

Бишкектеги "Супара" этнокомплексинде Кыргызстандын кырк районунан келген кырк кыз камыр жууруп, кесме кесүү жана жаа атуу боюнча күч сынашты.

Долбоор 11-мартта башталды. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын 40 районунан 17-25 жаштагы 40 кыз тандалып алынган.

1 / 13
Камыр жууруп, кесме кесүү конкурсуна даярданып жаткан селки
2 / 13
Конкурска катышкан кыздар берилген тапшырманы кунт коюп угууда
3 / 13
Кыздардын жууруган камыры менен кескен кесмесине чоң апалар көз салып турушту
4 / 13
Эптүү кыздардын колунда шуулдаган үбөлүк
5 / 13
Конкурс кызыган учур
6 / 13
Сынак аяктады. Жүрөктөр дүкүлдөп, беттер албырып...
7 / 13
Камыр жакшы ийленсе, кесме бири-бирине жабышпай жакшы болот
8 / 13
Кымча бел кыздар бир гана камыр жуурубастан жаа да атышты
9 / 13
Бутага таамай тийген жебе
10 / 13
Ак элечекчен апалар конкурска өзгөчө көрк беришти
11 / 13
Долбоорду ишке ашыруу үчүн 40 райондон 17-25 жаштагы 40 кыз тандалып алынган
12 / 13
Колуна саадакты кармап, жылмая караган бийкеч
13 / 13
Күндүн нуру кыздын ажарын ого бетер ачты