Тажикстанда үйдөн чыккан кемпир менен кызын бир үйүр карышкыр талап өлтүрдү

Божомолдорго караганда, ачкалыгынан айылга тамак издеп кирип келген карышкырлар адамдарга жолугуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Тажикстандын Шугнан районунда бир үйүр карышкыр короого чыккан эки аялга кол салып, алар ошол жерден көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Окуя 7-март күнү болгон. Жырткычтар 83 жаштагы кемпир менен анын 55 жаштагы кызы үйдөн чыккан маалда кол салган. Божомолдорго караганда, ачкалыгынан айылга тамак издеп кирип келген карышкырлар адамдарга жолугуп калган.

Алган жаракатынан улам аялдар ошол жерде жан берген.