Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат

Кырсык тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына саат 18.22де түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкектин Сеченов көчөсүндө (Турбазанын аймагы) турак жай өрттөнүп жатканын ӨКМ билдирди.

Кырсык тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына саат 18.22де түшкөн. Окуя болгон жерге беш өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткени айтылды.

ӨКМ кошумча маалымат бермекчи.