Филармониянын алдындагы Манастын эстелигин жууп тазалашты. Видео

Эстеликти жууп-тазалоо үчүн өрт өчүрүүчү унаа тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдына тургузулган Манастын эстелигин жууду. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева Facebook тармагында түз эфир аркылуу жазды.

"Эстеликтерди жууп-тазалоо сезонун баштадык", — деп жазган видеонун астына.

Анын айтымында, эстеликти жууп-тазалоо үчүн өрт өчүрүүчү жана жерлерди сугаруучу унаалар колдонулган.

Жакында филармонияны оңдоп-түзөө иштери башталат, аны үчүн жалпысынан 31,5 миллион сом сарпталат.

Ал эми "Ала-Тоо" аянтынын чок ортосунда Айкөл Манастын айкели орнотулган. Анын бийиктиги 21 метрди түзөт.