Кыргызстанда крандан аккан сууну ичүү кооптуу. Изилдөө

Кыргызстан крандагы сууну ичүүгө болбогон Борбордук Америкадагы, Африкадагы, Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер менен бирдей деңгээлде.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстан суу түтүктөр системасы кооптуу болгон мамлекеттердин катарына кирди. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды. Аталган сайт ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча америкалык борбордун изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган.

Тизмеге жалпысынан 187 мамлекет кирген. Кыргызстан крандагы сууну ичүүгө болбогон Борбордук Америкадагы, Африкадагы, Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер менен бирдей деңгээлде экени жазылган.

"Глобалдык санитария жаатындагы жетишилген ийгиликтерге карабастан, дүйнөдөгү 187 мамлекеттеги суу түтүк системасы туристтер үчүн кооптуу деп саналат. Бул нерсе өз кезегинде оңтойсуз абал жараткандан тышкары өлүмгө алып келчү инфекцияларды козгошу ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандыктар белокту аз жейт. Аймактардын рейтинги
Иликтөөдө бул аймактагы суу түтүктөрүндөгү суулар адамдын иммундук системасына жат микроорганизмдердин болушу менен коркунучтуу экени белгиленген.

Андан сырткары, эч ойлонбостон крандан аккан сууну ичүүгө боло турчу мамлекеттердин да тизмеси жарыяланган. Тизмеде АКШ, Улуу Британия, Канада, Австралия, Япония, Сауд Аравия, Түштүк Корея жана Европа биримдигине кирген бир топ мамлекеттер бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча жер жүзүндө 842 миң киши жыл сайын кир суудан пайда болуучу диареядан  каза табат.