БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп Ду Дэвэнь айым дайындалды. Бул туралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстанга Кытайдан жаңы элчи айым келди. Сүрөт
© Фото / пресс-служба МИД КР
11-март күнү жаңы элчи Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуп, ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.
Тараптар кыргыз-кытай мамилелериндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, жакынкы келечектеги иш сапарлар тууралуу кеп кылышты.
Эске салсак, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы буга чейинки элчиси Сяо Цинхуанын иштөө мөөнөтү өткөн айда аяктаган.