Бишкекте чыккан өрт. Жалындаган үйдүн сүрөттөрү

Азырынча өрттүн эмнеден чыкканы айтыла элек.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Сеченов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө беш бригада, ӨКМдин ыкчам тобу менен беш куткаруучу тартылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тилсиз жоо тууралуу маалымат ӨКМге бүгүн 18.22лерде түшкөн

Бишкекте чыккан өрт. Жалындаган үйдүн сүрөттөрү

"Мындан сырткары, жерине ИИМ, Тез жардам жана РЭТ кызматкерлери тартылган. Кошумча маалымат берилет", — деп кабарлашты аталган министрликтен.

Азырынча өрттүн себеби тууралуу маалымат айтылат элек.