Апта ирмеми: футбол ойногон кыздардан тарта букадан качкан элге чейин

Sputnik

Бишкекте "Мени менен ойно. Футболдо баары бирдей" деп аталган фестиваль өттү.

Рио-де-Жанейро (Бразилия) шаарындагы жыл сайын өткөн карнавал адаттагыдай эле көп кишини чогултту.

Эми бир укмуш! Кармачудай туман, жаалданган толкун жана 15 мыкты эмгек
Аялдардын укугу боюнча Мадридде (Испания) митинг өттү.

Красноярск (Россия) аймагында Эл аралык XXIX кышкы универсиада-2019 болду.

Илон Масктын SpaceX компаниясы космоско Dragon-2 (Crew Dragon) деп аталган жеке кемени учурду.

Россиянын президенти Владимир Путин ИИМдин шаардык башкармалыгынын биринчи ыкчам полкуна Орлов тукумундагы аргымакты тапшырды. Келишимдүү ат көптөрдүн көзүнө түштү.

Австралияда ысыган күн менен жамгырдын жоктугу суудагы чөп-чардын гүлдөп кетишине алып келсе, Алабама штатындагы торнадонун кесепетинен 23 адам жабыр тартты.

1 / 19
Бишкекте "Мени менен ойно. Футболдо баары бирдей" деп аталган фестиваль өттү. Аны БУУнун Балдар фондусу менен Кыргызстандын Футбол федерациясы уюштурган. Долбоор эл аралык уюмдар менен бийликтин биргелешип кыздарды коргоо максатында уюштурулган. Сүрөттө Бишкек мэринин жардамчысы Гуля Алмамбетова.На фото: Советник мэра Бишкека Гуля Алмамбетова
2 / 19
Илон Масктын SpaceX компаниясы космоско Dragon-2 (Crew Dragon) деп аталган жеке кемени учурду. Аппарат пилоттук негизде сынамык учуусун жасап, Атлантика океанына конду. Кеме өзү менен кошо эл аралык космостук станциядан 136 килограмм тонна жүк ала келди. Анын ичинде орбитада жүргүзүлгөн илимий тажрыйбалардын жыйынтыктары бар.
3 / 19
Соёун Парк (Корея) Эл аралык XXIX кышкы универсиада учурунда. Ал Россияда өтүп жатат.
4 / 19
Москва, өкмөттүк зал. Ак калпак күнүнө карата өткөн чоң концерт учурунда
5 / 19
Россиянын президенти Владимир Путин ИИМдин шаардык башкармалыгынын биринчи ыкчам полкуна Орлов тукумундагы аргымак тапшырды. Бейшемби күнү атчан Путин бир нече ирет манежди айланып чыкты.
6 / 19
Рио-де-Жанейро (Бразилия) шаары. Жыл сайын өткөн карнавалдан бир көрүнүш.
7 / 19
2019-жылдын 6-марты. Бишкектин мэри Азиз Суракматов вице-мэр менен Октябрь районунун бир катар аймактарын кыдырып чыкты. Ал кол алдындагылардын кемчиликтерин көрсөтүп, аны оңдоону буюрду. Шаар башчысы үй комитеттерине көп кабаттуу тамдардын айлана-тегерегин жашылдандырууга жардам көрсөтүүнү тапшырды. Андан сырткары, кичирайондорду жашылдандырып, бак тигүүнү көбөйтүүгө басым жасаган.
8 / 19
АКШ президенти Дональд Трамп консервативдүү активисттердин Мэрилендеги маалымат жыйынында
9 / 19
Нью-Делидеги (Индия) таштандыда жүргөн ит
10 / 19
Мельбурндагы (Австралия) ысыган күн менен жамгырдын жоктугу суудагы чөп-чардын гүлдөп кетишине алып келди. Андан улам көл кызгылтым түс берип калган.
11 / 19
Германиядагы болот эриткен Salzgitter AG заводунун кызматкери
12 / 19
Алабама штатындагы торнадонун кесепетинен жабыр тарткандар. Чукул кырдаал жарыяланып, элге АКШнын федералдык бюджетинен жардам берилет. Табигаттын кырсыгынан 23 киши жабыркаган.
13 / 19
8-марттын алдындагы сүрөт. Киевдеги (Украина) гүл сатуучу.
14 / 19
Кембридж герцогинясы Кэтрин Блекпул мунарасында (Улуу Британия)
15 / 19
Аялдардын укугу боюнча Мадридде (Испания) өткөн митинг
16 / 19
Үй-бүлө. Кельн (Германия) шаарында баласын селкинчек тептирип жаткан ата-эне.
17 / 19
Багхуз шаарындагы сириялык бала
18 / 19
Париждеги Tommy Hilfiger мода жумалыгы
19 / 19
Сьюдад-Родриго (Испания) шаарындагы карнавал учурунда көчөдөгү букадан эл качып бара жатат