Бир сөз айтпай интервью берди. Биатлон боюнча дүйнө чемпионунун видеомаеги

Россиялык спорт комментатору Дмитрий Губерниев биатлон боюнча дүйнө чемпиону, үнү чыкпай калган Анастасия Кузьмина менен маек курду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Дээрлик эки мүнөткө созулган интервью учурунда Кузьмина бир да сөз айткан эмес.

Жүрөк толкуйт! Сауд Аравиядагы этнофестивалдын ачылыш аземи. Видео
​Үч жолу олимпиада чемпиону болгон биатлончу Анастасия Кузьмина дүйнөлүк мелдеш алдында тамагы ооруп үнү чыкпай калган. Ал жеңишке жеткенден кийин тамагы ооруп жатканын айтып, журналисттерге интервью берүүдөн баш тарткан.

Бирок Губерниев дүйнө чемпионунан маек алуунун өзгөчө жолун тапкан. Видеодо журналисттин берген суроолоруна Кузьмина күлүп-жайнап башын ийкеп, чайкап, колу менен жаңсап жооп берип жатканын көрүүгө болот. Айрым билбеген суроолоруна ийин куушурган.

Видео көпчүлүккө жагымдуу маанай тартуулады.