Валентина Шевченко титулун коргош үчүн качан беттешери белгилүү болду

Кыргызстандык мушкер кыздын атаандашы UFC беттештерине катышып, акыркы үч турнирде жеңишке жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко биринчи жолу титулун коргош үчүн америкалык мушкер Жессика Ай менен беттешет. Бул тууралуу ESPN телеканалы билдирди.

Ага ылайык, эки мушкер кыздын беттеши UFC 238 турниринин алкагында 8-июнда АКШнын Чикаго шаарында өтөт.

30 жаштагы Валентина Шевченко жеңил салмак категориясында UFC бел курун 2018-жылы 9-декабрда Жоанна Енджейчикти жеңип тагынган.

Шевченконун атаандашы Жессика Ай UFC уюмунун акыркы үч беттешине катышып, атаандаштарын утуп алган.

Баса, Валентина Шевченконун эжеси Антонина Шевченко дагы 20-апрелде америкалык мушкер Роксанна Модаффери менен Санкт-Петербургда беттешет.