Мыкты футболчулардын бири кыргызстандык клубга кайтып келди

Мурзаев "Дордойдо" буга чейин 2012–2015-жылдары ойногон.
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаевдин буга чейинки чет элдик клубдар менен келишими аяктап, ал "Дордой" командасына кайтып келди. Бул тууралуу аталган футбол клубунан Sputnik Кыргызстанга билдиришти. 

Мыкты футболчулардын бири кыргызстандык клубга кайтып келди

Баладай кубанышты. Бишкекте белгилүү айымдар футбол ойногон видео
Мурзаев "Дордойдо" буга чейин 2012–2015-жылдары ойногон. Эми спортчу командага келерки жумада кошулуп, 99 деген номер менен оюн талаасына чыгат.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында болгон Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин киргизген тобу бирден-бир мыкты гол деп табылган.

"Дордойго" өткөнгө чейин Мурзаев Түркиянын "Серик спор" жана "Сома спор" клубдарында ойногон.